Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамидин Айткуловдун аялы: Менин жолдошум Кашкар Жунушалиев үчүн коркунучтуу болгон 

Курсан Асановдун жактоочусу ИИ министринин  мурдагы орун басарын өзүнүн колдогондугунан кодулоого тушуккан милиционердин арызын өткөрүп берүүнү каалаган. Бирок, жетишпей  калды  

Жактоочу Икрамидин Айткуловдун  ишинде кызыкчылыктардын кагылышы орун алган, себеби, ал Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызыкчылыктарын коргойт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына кармалган юристин аялы Раушан Айткулова кабарлады. 

- Менимче, фактылар далилденген чакта да, эгер беренеге туура келбей жатса да, бүгүн менин жолдошумду убактылуу тергөө абагына кармоо үчүн баш коргоо чарасын карашат, - деди Айткулова. - Тергөөчү, же министр Башкы прокуратура аркылуу материалдарды башка мекемеге өткөрүп бериши керек эле, андыктан, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызыкчылыктарынын пайдасына, же болбосо, өздөрүнө пайда алып келбеген жактоочуга каршы ишти узартуу жүрүп жатат. 

Анын айтымында, тергөө органдарынын мурдагы кызматкери катары Айткуловго карата, ички иштер министри өз ыйгарым укуктарын ашыра колдонгон. 

- Жунушалиев тараптан ачык процедуралык бузуулар болгон, андан кийин, андагы күнөөсү жоктуктун презумпциясынын принциптерин бузушкан, - деп белгиледи Раушан Айткулова. - Башка жактоочу болсо буга көңүл бурмак эмес. Так ошондуктан Икрамидин, өзүнүн ыйгарым укуктарынан чындыгында эле ашып кеткен Кашкар Жунушалиев үчүн коркунучтуу. 

Ал Курсан Асановдун позициясын колдогон ИИМдин бир кызматкеринин кесиптештери тарабынан  кысымга тушукканын да ФСкошумчалады. Айткулов, белгилүү болгондой, анын арызын бергиши керек болгон. 

- Менин жолдошум Курсан Асановдун ишин тергөө мезгилинде Кашкар Жунушалиевди кызматынан убактылуу четтетүүнү талап кылган, эми министрдин өзүнүн күчүнө ишенип алып жасаган, этикага туура келбеген аракеттери тастыкталып жатат, - деп ишендиргенге аракеттенет ал. ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы жашыруун иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Алар Икрамидин Назирович бере турган арыз тууралу  генерал Асановдун жанында турган кызматкер кандай көрсөтмө бергендигин абсолюттук тактык менен көрүштү. 

Эске салсак, белгилүү жактоочу Икрамидин Айткуловду алдамчылык боюнча шектүү катар убактылуу тергөө абагына киргизишти. Бишкек шаардык ИИББ, аларга Айткуловдун 5 500 доллар өзүнө алып алган деген адам арыз менен кайрылгандыгын көрсөтүшкөн.  

Кечээ, 22-августа, Айткуловго (Алдамчылык) 204-беренесинин 2-бөлүгү менен- кылмыш жасаганга шектүү катары билдирүү тапшырышкан. Азыркы учурда сотко чейинки териштирүүлөр жүрүп жатат. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх