Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун уулу кырсыкка кабылганда анын жанында болгон кыз Улуттук госпиталга которулду

Садыр Жапаровдун уулу кырсыкка кабылганда анын жанында болгон кыз Улуттук госпиталга которулду

Жабырлануучу кыз бетинен жаракат алган

Садыр Жапаровдун уулу кырсыкка кабылга кезде жанында болгон 20 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеде жабырлануучу кыз Улуттук бейтапкананын жаак-бет хирургиясына которулгандыгын такташты.
- Кыздын абалы туруктуу. Ал бетинен жаракат алган жана борбор калаада дарылануусун улантат,  - дешти КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинде..

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун уулу жол кырсыгына кабылып, каза тапкан. Жактоочу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, Дастан Садыр уулу жол кырсыгына 22-август күнү саат 22:45те Көк-Жар айылындагы «Фрунзе» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайынын алдында кабылган. Ал 4-шаардык ооруканага жаткырылып, 26-август күнү эсине келбей каза болгон.

Гулиза Чудубаева
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх