Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башына чыгып секиришкен. Бишкекте аёосуз сабалган жаш жигит эсине келди

Милицияда кандуу мушташтын катышуучулары мурда тааныш болбогонун такташты. Издөөгө алынгандардын уюшулган кылмыштуу топторго катыштыгы текшерилүүдө

28-август күнү Бишкекте Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаранды аёосуз ур-токмокко алууга шектүүлөрдүн аты-жөнү такталды. Vesti.kg сайтына борбор калаанын ШИИБ билдиргенине караганда, мушташкан жарандар мурда тааныш эмес болгон.

Азыркы маалда шектүүлөрдө кармоо боюнча иштер көрүлүп жатат.
- Урушка катышкандар мурда тааныш эмес болгон, - дешти милийияда. - Азыркы маалда шектүүлөр ИИМде кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары катталып тургандыгы, ошондой эле чырдын себеби аныкталууда.

Окуя таңкы 07:00дө супермаркеттин алдында болуп өткөн. Окуя болгон жерден качып кеткен эркек адамдар эсин жоготуп койгон балдардын бирин аеосуз ур-токмокко алган. Уруш маалы байкоо камераларына түшүп калган.
Жабырлануучулар тез жардам менен Улуттук бейтапканага жеткирилген.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына М.А. аттуу жаран эсине келгенин кабарлады.
- Жабырлануучу баш мээсинен жаракат алган, кома абалында реанимацияга жаткырылган. - Азыр нейротравма бөлүмүнө которулду, абалы орто катуу деп бааланууда.
Экинчи жабырлануучу Б.Унун үстүңкү жаагы сынып кеткен.

- Азыр ал Улуттук бейтапкананын жаак-бет бөлүмүндө дарыланууда, анын абалы дагы орто катуу, - деп маалымдашты мекемеде.

Аталган факт Ленин районунун ИИБнын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, КРнын ККнин 138-беренеси (ден-соолугуна оор зыян келтирүү) жана 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх