Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин РИИББнын башчысы: Мени каралоого кесиптештеримдин тиешеси болушу мүмкүн

 Мадияр Кулуев анын дарегине айтылып жаткан «супермаркеттин жанынан мыкаачылык менен балдарды сабаган шектүүлөрдү жаап-жашырып жатат» деген жалган маалыматты ким таратып жатышы мүмкүндүгү тууралуу айтып берди

Бишкек шаарынын Ленин районун ИИББнын башчысы Мадияр Кулуев ал Жалда мыкаачылык менен балдарды сабаган деп шектелип жаткандардын биринин тууганы экенин четке какты.

Мадияр Райимбекович Vesti.kg сайтына жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан бул сөздөр аны каралоо максатында айтылып жатканын билдирди. 

 

- Мен кылмышкерлерди эмес, ал тургай алардын биринин бир тууганы - Чүй ОИИББда иштеген кызматкер менен дагы тааныш эмесмин, бир дагы жолу көргөн эмесмин, - деп белгиледи ал. Шаардык милиция бөлүмүнөн аларды алып чыгып кетүүгө тиешем бардыгы да суу кечпеген калп. Мен дин жолунда жүргөн адаммын, калп айтпайм, мындай иштерге эч качан бармак эмесмин. Бул ушак сөздөр атайын мени каралоо максатында жүрүп жатканын жакшы түшүнөм. Ички иштер түзүмдөрүндө 34 жылдан бери иштейм. Кылмыш кылсам мынча жыл милицияда иштебейт элем да.

Кулуев тергөө иштерин Ленин РИИБ эмес Бишкек ШИИБси жүргүзүп жатканын, андыктан ал шектүүлөрдү жаап-жашырууга тиешеси бар болушу мүмкүн эместигин айтты.

- Бул иш ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиев менен борбор шаардын ШИИБнын башчысы Канат Жумагазиевдин жеке көзөмөлүндө тураарын белгилеп өтүш керек. Учурда шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Кылмыш иши орун алган жерде болгон кызматкерлерге чара дароо көрүлдү.

 

Муну менен бирге Мадияр Райимбекович жабырлануучулардын туугандары аны шектүүлөрдү жаап-жашырып жатат деп айтышмак эмес дейт. 

- Мени каралоо себептери менин кесиптештеримде болушу мүмкүн, - деп божомолдоду ал. Акыркы жылда мындай ушактар маал маалы менен пайда болуп жатат. Мени буга чейин ИИМден эки жолу мыйзамсыз кызматтан алышкан, мен сот аркылуу кайра ишиме киргем. Ошондой эле былтыр мекеменин жетекчилиги мага сөгүш жарыялап, мен соттон сөгүш негизсиз экендигин далилдеп чыккам. Ушул үчүн кесиптештерим мага кек сактап жүрсө керек.

Тактай кетсек, жергиликтүү жалпыга маалымдоо кызматтарында жабырлануучулардын туугандары Ленин РИИББнын башчысы Мадияр Кулуевди издөөдөгү кылмышкерлерди жаап-жашырып жатат деген маалымат жарыяланган.https://m.gezitter.org/ushaktar/81962_otmorozkov_otpustil_nachalnik_leninskogo_rovd_kuluev/

 

Эске салсак, коомду дүрбөлөңгө салган мушташ үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Жал микрорайонундагы «Ярмарка» супермаркетинин жанында болгон. Издөөдөгү кылмышкерлер эс учун жоготкон жабырлануучулардын башына чыгып секирип, тепкиге алышкан.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх