Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Катуу токмоктошкону үчүн изделип жаткан балдар алгач башында өздөрү жабыркаган болуп арыз жазышкан

Кийин такталгандай, ГМБ-2 кызматкерлери бөлүмчөгө келген адамдардын өздөрүнүн шектүү саналышарын билишкен эмес

Жал кичи районунуда эки жигитти аеосуз токмоктогону үчүн изделип жаткандар окуядан кийин эле жабыркагандар катары милицияга арыз жазышкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Ленин райондук ИИБ башчысы Мадияр Кулуев кабарлады. 

Анын айтымында, ГМБ-2нин кызматкерлери бөлүмчөгө келген адамдардын өздөрүнүн шектүү экендиктерин билишкен эмес. 

- Иштин баары, мобилдик батальон келген кезде,  «тез жардам» жабыркагандарды алып кеткендигинде болгон, - деп түшүндүрдү Мадияр Райимбекович. - Азыр издөөдө болгон жигиттер, ошол кезде ГМБга келишип, аларга белгисиз бирөөлөр кол салганын, сабашып, андан соң качып кетишкендиги тууралу арыз жазышкан. Алар бөлүмчөдөн чыгып кетишкенден кийин гана, ооруканадан жабыркагандар жөнүндө кабар келип түшкөн.

Эске салсак, аеосуз мушташуу ушул жылдын 28-августунда болуп өткөн. Мушаташтын жыйынтыгында  бир адам баш мээсинен жаракат алып, комадагы абалында жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, кийинчерээк ал өзүнө келип, нейрожаракаттар бөлүмүнө которулган.

Дагы бир адам «үстүңкү жаагы сынган» деген диагноз менен ооруканага түшкөн. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх