Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Даир Асанов атындагы аскер лицейинден кадеттердин качышкандыгы тууралу комментарий бербей жатышат  

Алдын ала маалыматтарыбыз боюнча окуучуларга окуу жайдагы катуу коюлган күн тартиби жаккан эмес 

Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде окуган 50гө жакын окуучулар качып кетишкен. Бул тууралу 24.kg сайты өз булактарына таянып кабарлаган.

Лицейде окугандар 2019-жылдын 5-сентябрында окуу жайды таштап качып чыгышкан.  Алдын ала билингенге караганда, 11-класстын окуучулары катуу коюлган күн тартибине нараазы болушкан. Бул окуя тууралу аскер лицейинен Vesti.kg сайтына комментарий бергенден баш тартышты. 

- Биз бул тууралу айта албайбыз. Комментарий болбойт, - дешти окуу жайдын кабыл алуу бөлүмүнөн. 

Эске салсак, 2017-жылы Кыргыз Улуттук аскер лицейи окуу жайдагы реформаларга байланыштуу кабыл алууну жарыялаган эмес. 

Ошондо Генштабдан, жалпы билим берүү предметтери үчүн сааттар көбөйтүлгөндүгүнө жана тарбиялануучулардын эс алуусу менен жашоо шарттарынын жакшыртууга байланыштуу деп түшундүрүшкөн. 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх