Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда түнкү клубдун жанындагы кандуу мушташ: эки шектүү камакка алынды

Милицияда алардын арасында жергиликтүү аткаминердин баласы барбы-жокпу билишпейт

Жергиликтүү аткаминердин уулу катышкан болушу мүмкүн делген Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринин жанында орун алган мушташ боюнча 22 жаштагы эки жаран кармалды.

Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ИИБсы 26 жаштагы Мунарбек Бекишевди мыкаачылык менен сабоого шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

- Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында негизги шектүүлөр катары 1997-жылкы эки жигит кармалган - деп маалымдашты милицияда. - «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө башталды.

Буга чейин жабырлануучу Мунарбек Бекишевдин тууганы - Ирсалат Курмашева Vesti.kg сайтына анын инисин 10дой бейтааныш адам, алардын арасында аймактагы айылдардын биринин айыл өкмөт башчысынын уулу да ур-токмокко алганын билдирген эле.

Милицияда бул маалыматта тастыктай да алышкан жок, төгүнгө да чыгара алышпады.

- Шектүүлөрдүн туугандык байланыштары жөнүндө бизде эч кандай маалыматыбыз жок, - дешти ИИБда.

Жабырлануучу оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх