Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда россиялык жаран оорукананын терезесинен секирип мерт кетти

Медайым бейтапты аз убакытка жалгыз бөлмөгө калтырып кеткен

Бүгүн Жайыл районунда бейтап оорукананын терезесинен секирип кетип, алган жаракаттарынан улам каза тапты.

Жайыл районуну ҮМББнүн администрация бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

Бүгүн таңкы 8:15те 1954-жылы туулган II топтогу майып, РФнын жараны, постинфаркттык кардиосклероз, мээдеги кан айлануунун курч бузулушун жаңы башынан өткөргөн Г. В. Жайыл ҮМБнун дарылоо кабинетине Бишкек шаарынын БИИБнун невропатолог-дарыгери жазып берген процедураларды алууга келген.

Медайым капельница үчүн системаны дайындоо үчүн коңшу бөлмөгө чыгып кеткен. Ал кайра күндүзгү стационар палатасына 8-10 мүнөттөн соң кайтып келип, бейтапты тапкан эмес. Медайым бейтап сыртка чыгып кетти деп ойлогон.

Бир нече мүнөттөн кийин регистратурадан ага бейтаптын жансыз денеси көчөдө табылганын кабарлашкан. Дароо тез жардам чакырылган. Бул тууралуу Жайыл РИИБне кабар кылынды.

Жайыл райондук ҮМБнун имаратында байкоо камералары орнотулган, жазуулар укук коргоо органдарынын кызматчыларына өткөрүлү берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх