Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунун акими: Кыргыз-тажик чек арасында абал кооптуу

Баймурат Бекмуратовдун маалыматы боюнча, тажик тарап такталбаган аймакта курулуш иштери боюнча макулдашууну бузган

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы абал кооптуу чыңалган бойдон калууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ленин районун акими Бекмурат Баймуратов маалымдады.

- Чек арада азыр абал жакшы эмес бойдон калууда, - деди Баймуратов. Эл чогулган жок. Айрым маалыматтарга ылайык, тажик тараптын аскерлери аскердик объект салышууда. Курулуш иштери кечээ токтотулган, бирок, тажик тарап, чек аранын такталбаган аймактарында курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу тууралу буга чейин кол коюлган макулдашууну бузушкан.

Анын айтымында, жергиликтүү жашоочулар ызуу-чууга алдырбай, азыркы маалда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал ортодо чек ара кызматы Vesti.kg редакциясына чек арада абал туруктуу экенин билдирди. Ошол эле маалда алар толугураак маалымат алуу үчүн кийинчерээк байланышуубузду дагы суранып кетишти.


Эске салсак, 14-сентябрда Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылындагы «Футболдук талаа» жергесинде чек аранын такталбаган тилкесинде курулуш иштери башталган. Тажик тарап чек аранын шарттуу сызыгында 10 жүк ташуучу унаа менен шагыл түшүргөнү айтылган.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх