Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ИИББы коомдук жайларда жылаңач жүрүүгө болобу-жокпу айта алышкан жок

Милиция борбор калаадагы соода борборлорунда кийими жок басып жүргөн жаштар боюнча текшерүү баштады

Бишкек ИИБы борбор калаадагы соода борборлорунун биринде кийимдерин чечип, жылаңач баскан жаштарга кандай чара көрүлөрүн билишпейт.

Муну менен бирге милицияда окуя Asia Mall соода борборунда орун алганын кошумчалашты.

- Учурда Ленин РИИБ соода борборлорунда кийимдерин чечип, басып жүргөн улан-кыз боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Текшерүүдөн соң гана алар жазага тартылабы же жокпу айта алабыз, - деп түшүндүрдү Vesti.kg сайтына Бишкек ИИБнин басма сөз кызматчысы Улан Жумаков.

Жумаков Vesti.kg сайтынын « КРнын мыйзамдары боюнча коомдук жайларда жылаңач жүргөнү үчүн кандай чара көрүлөт жана дегеле мындай кылык үчүн жоопкерчилик каралганбы-жокпу?» деген суроосуна жооп бере алган жок.

Эске салсак, белгисиз улан-кыз Бишкектеги соода борборлорунун биринде ич кийимине чейин чечинип, басып жүрүшкөнү тууралуу видео интернетте жарыяланган.


Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх