Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арадагы кагылыш: 13 киши жабыркады, экөөнүн абалы оор

Жарадар болгон 11 адамды учак менен Бишкекке алып келүү каралууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан Кыргызстандын 13 жараны жабыркады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

- Жаңжалда алты аскер кызматкерине ок тийген, бирөө контузия алган, мындан сырткары 6 жай тургун да жабыркаган. Азыркы маалда жабыркаган эки адамдын абалы оор. Бардык жабырлануучулар Исфана шаарынын ооруканасында, бирок, 11 адамды учак менен Бишкекке жеткирүү пландаштырылууда.

Мекемеде бүгүн жаңжалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр улантылаарын кошумчалашты.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган.
Чыр Тажикстан республикасынын жарандары мамлекеттик чек аранын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштагандарынан улам чыккан. Буга жооп катары Кыргызстандын жараны ушул тилкеде жайгашкан өзүнүн үйүнүн короосунун дубалын тургузуп баштайт. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, эки тарап тең курулуш иштерин токтотуу чечимин кабыл алышкан.


Буга карабай, чек арачылардын талаптарын аткарбастан, Тажикстандын жарандары курулуш иштерин уланта беришкен. Биздин мекендеш тажикстандыктардын аракеттерин жооп кылып, өз курулуш иштерин дагы токтоткон эмес. Болжол менен 19:30да тажик аскер кызматкерлери орой түрдө Кыргызстандын жаранына курулуш иштерин токтотуусун талап кылып, жаңжал ушундан башталган.


Кагылышуунун жүрүшүндө КРнын МЧКнын «Бөрү» атайын даярдыктагы бөлүмдүн кызматынын прапорщиги Равшан Муминов каза тапкан. Анын артында жубайы, үч баласы жана улгайган апасы калды.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх