Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бир чалуу менен жумуштан айдатам!» ЖКККББнын башчысынын орун басарынын «иниси» автоинспекторду коркутуп-үркүткөн (видео)

Мындан сырткары, Иманалы Саркуловдун тууганымын деп өзүн тааныштырган айдоочу инспекторлорго бир жарым миң сом сунуштаган

КРнын ИИМнин ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркуловдун тууганымын деп өзүн тааныштырган жаш жигит автоинспекторду «бир телефон чалуу менен» жумуштан айдап жиберерин айтып коркуткан.

Мындан сырткары, кармалган автоайдоочу жол сакчыларына бир жарым миң сом сунуштап, өзүн коё берүүнү суранган.

Окуянын видеосу Инстаграм социалдык тармагында жарыяланган.

Кадрда айдоочунун Наркология борборунда анализ тапшырып жатканын көрүүгө болот.

Иманалы Саркуловдун өзүнөн бул окуя боюнча комментария алууга мүмкүн болгон жок.

ИИМнин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматында да чырлуу видео боюнча пикир берүүдөн баш тартышты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх