Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто эркек адамды башына желим баштык кийгизип, шаар четинен сабашкан

Шектүү колго түшүп, уурдалган адам бошотулду

Бүгүн таңкы 05:00дө А. аттуу жаран эркек адамды үйүнөн өз эркине карабастан «Мазда» маркасындагы автоунаа менен заказникке алып барып, ур-токмокко алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Токмок шаарынын РИИБда билдиришти.

- Жабырлануучунун башына желим баштык кийгизип, сабаган, - дешти алар. Андан кийин, А. аттуу жаран аны унаанын багажына салып, Токмок шаарына алып келип, күч менен кармап турган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам иштерди жүргүзүп, шектүүнү кармашты. Уурдалган адам бошотулду.

Аталган факт ББР автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх