Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто турмушка чыгууга ата-энесинен макулдук ала албаган кыз сүйгөнүнөн аны ала качып кетүүсүн суранган

«Ала-качууну» жаштар өз эрки менен уюштурган, буга ата-энелери каршы боло алган эмес

Кечээ Токмокто жаш улан-кыз «ала-качуу» салтын уюштурушкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарынан маалымдашты.

- Кечээ кыздын уурдалганы жөнүндө маалымат түшкөн, - дейт өздүк булак. - Дароо ыкчам-издөө иш-чаралары башталып, бир-эки сааттан кийин кыз милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Бирок, табылган кыз ал жерден ата-энеси сүлөшкөн жигитине турмушка чыгууга макулдук бербей коюшкандыктан, жигити экөө атайын ала качуу уюштурушкандыгын айтып берген. Ата-энесинин бул тууралуу кабары жок болгон.
Муну менен бирге жаштар никесин кыйышканы, бүгүн алардын үйлөнүү үлпөт тою өтөөрү белгилүү болду.

- Милиция бөлүмүндө жаштардын эрезеге жеткени документалдык жактан аныкталды, - деп белгилешет укук коргоо органдары. - Мындан улам алар өздөрү үйлөнүүнү чечишкен. Ата-энелери балдарынын үйлөнүшүнө эч кандай тоскоолдук кыла алышмак эмес, анткени, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жаштардын никеси кыйылыптыр, бүгүн баланын үйүндө үйлөнүү тою өтөт экен.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх