Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында эрежесиз эр уруш боюнча мушкерди мылтык менен атып жиберишти (фото)

Такталбаган маалыматтар боюнча, кылмыш ишине аткаминер шектелүүдө

Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев белгилүү спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун мылтык менен санга атып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында журналист Ыдырыс Исаков маалымдады.

Анын айтымында, чыр Ош облусундагы Кара-Суу районунун Фуркат айылында орун алган.
«Укук коргоочулар менин телефон чалууларымды албай отургуча, күнөөнү мурда Канжар Кыдыралиевдин саунасынын күзөтчүлөрүн сабаган Бекболот Абдылда (эрежесиз эр уруш боюнча мушкер) өз мойнуна алат деген маалымат пайда болду», - деп жазган ал.


Мындан сырткары, бутуна ок тийген Төлөгөн Рахменберди уулу буга чейин ИИМнин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулун сабаганы айтылган Эмилбек Кимсановго жакындыгы айтылууда.
Ыдырыс Исаков, мындан сырткары, Кимсанов МККнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экенин дагы кошумчалаган.
«ИИМ Райымдан ушунчалык коргобу, тобоо, анын балдарынын атышканы тууралуу маалымат бере албай отурушат», - деп жазган журналист.

Ал ортодо Ош шаарынын мэриясы Vesti.kg сайтына кылмыш ишине шектелип жаткан Кылыч Саркарбаев түштүктөгү борбор калаанын курама командасы менен 21-сентябрга чейин Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюнунда болгонун билдирди.


Делегаттар Ош шаарына кечээ кечинде кайтып келишкени белгилүү.

Пресс-катчы Саркарбаева жана анын өзүнөн пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Укук коргоо органдары бул окуя боюнча расмий билдирүү таратышат элек, бирок, Vesti.kg аталган иш боюнча маалымкатты күбө боло алган.


Анда Төлөгөн Рахманберди уулуна 22-сентябрда,болжол менен 09:40тарда ок тийгени жазылган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх