Оштогу атышуу: Жабырланган спортчу көрсөтмө берүүдөн баш тартууда
Милицияда шектүү азырынча аныктала электигин маалымдашты
Бутуна ок тийип, жарадар болгон эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Төлөгөн Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин өкүлү Айбек Турсунбаев билдирди.
- Учурда шектүү аныктала элек, - деди ал. Жабырлануучу көрсөтмө берүүдөн баш тартууда.
Буга чейин Ош облусунун ИИБ Vesti.kg сайтына белгилүү спортчу Төлөгөн Рахманберди уулуна 22-сентябрда, болжол менен таңкы 6да ок тийгенин маалымдаган.
- Милицияга жабыркаган адам тууралуу 09:40та Р.Т. кайрылган ооруканадан кабар түшкөн, - дешти мекемеде. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында Р.Т. мпенен С.К. жаранынын ортосунда чыр чыгып, С.К. каршылашына ок чыгарганы аныкталган.
Эске салсак, буга чейин журналист Ыдырыс Исаков спортчуну Ош мэриясынын спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркабаев аткандыгын жазып чыккан.
Зулайка Эркимбаева
Фото www