Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалдагы үрөйдү учурган мушташка шектүүлөр СИЗОдо сабалышты деген маалыматты четке кагышууда

Алардын бири керебеттен кулап, экинчиси дааратканадан тайып кеткен имиш

Жалдагы супермаркетин жанынан эркектерди аёосуз сабаган деп шектелип жаткан Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Бишкектеги СИЗО-1де сабалышты деген маалыматты четке кагышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов маалымдады.


- Биздин борбордун кызматкерлери бир туугандардан кабар алып келишти, бирок, алар эмне болгону тууралуу анчейин деле айтып берүүнү каалашкан эмес, - деп түшүндүрдү Сулайманов. - Кесиптештерим аларда олуттуу деле жаракат жоктугун айтышты. Шектүүлөр бири керебеттен кулап, экинчиси дааратканадан тайып кеткенин айтышкан.


Эске салсак, буга чейин Vesti.kg ЖАМКнын версиясы боюнча Бапышов менен Сейитбеков камерада чогуу отургандар менен мушташып кеткенин жазып чыккан. Бирок, чыр эмнеден улам чыкканын мекеме аталган факт боюнча тергөө жыйынтыктала электигине шылтап, айтышкан эмес.

 

Вероника Малышева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх