Бишкекте ИИМнин кызматкерлери төрт кесиптешин пара менен кармашты
«Погончон мителердин» тобу Октябрь РИИБнын үч ыкчам кызматкери менен тергөөчүдөн турган
ИИМнин ички тергөө кызматына 16-сентябрда Бишкек шаарынын Т.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, Октябрь райондук ИИБнын милиция кызматкерлери кылмыш иши боюнча куугунтуктан бошотуу үчүн 5000 АКШ долларын талап кылып жатышканын айткан.
ИИМнин ИТКнын кызматкерлери тарабынан арыз Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бузуулардын бирдиктүү реестринде КРнын ЖКнин 326-беренеси боюнча (пара талап кылуу) катталган.
23-сентябрь күнү кечинде ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ахунбаева жана Малдыбаева көчөлөрүнүн кесилишинде Октябрь РИИБнин криминалдык милициясынын үч кызматкери: милициянын ага лейтенанттары К.Э., Т.Э., Д.Н. кармалышкан.
Жеке текшерүү учурунда алардан 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча табылган. Мындан сырткары, ЭКККБМКнын ИИМдеги Ички тергөө кызматынын кызматкерлери Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты П.А кармап, анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, Т.С. жаранына карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш табылган.
Кармалгандар суракка алынып жана башка тергөө аракеттеринен кийин, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Белгилей кетсек, буга чейин ИИМнин ИТКнын кызматкерлери тарабынан кармалган Октябрь райондук ИИБнын КМКнын кызматкерлерине карата Бишкек шаарынын жашоочусу Г.В.нын арызы боюнча атайын тергөө иш-чаралары өткөрүлүп жаткан.
ИИМнин ИТКнын кызматкерлеринин бир нече айлык иш-аракеттери Октябрь райондук ИИБнындагы «погончон мителер» тобунун аягына чыкты. Азыркы маалда Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүштү ЭКККБМКнын тергөө бөлүмү алып барууда.
ИИМнин басма сөз кызматы