Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандын Уюшкан кылмыштуу тобу адамдардын органдарын мыйзамсыз алмаштырууга Кыргызстандан донорлорду тартып келишкен

 «Органдары көчүрүлгөн адамдар тирүү, бирок, Израилдин жараны ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган учур болгон»

Казакстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү адамдардын органдарын мыйзамсыз алмаштыруу менен алектенишкен. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» МА маалымдайт.

Казакстандын ИИМнин Криминалдык полиция департаментинин башчысы Арманбек Баймурзиндин маалыматына ылайык, 2019-жылы адамдарды сатуу боюнча 141 кылмыш иши, анын ичинде 59у адамдардын органдары жана терисин сатуу боюнча козголгон.

«Казакстанда медицина акыркы жылдары адамдардын органдарын көчүрүү жаатында абдан чоң жетишкендиктерге жетишкен. Муну тез жана оңой акча табуу арам ойлорго ээ уюшкан кылмыштуулук дагы көз жаздымда калтырган эмес. Үстүбүздөгү жылы 2017-жылдан бери Казакстанда адамдардын органдарын сатууга байланышкан мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулган. Медициналык кызматкерлердин катышуусу менен органдарды көчүрүү боюнча мыйзамсыз 57 операция жасалган», - деп маалымдаган Баймурзин.

Кримполиция департаментинин башчысы донорлор Кыргызстандан, Украинадан, Өзбекстандан, реципиенттер Израилдин жарандарынан турганын белгиледи.

«Андан соң бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялар жасалган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Алдын ала уюштуруучулар 10 миллион доллар өлчөмүндө кылмыштуу пайда табышканы аныкталууда. Кылмышкерлер менен медициналык кызматкерлердин бетпактыгы ушуга жейин жетиптир, алар өз арасында донорлорду «эт» деп аташкан. ИИМнин департаменинин башчысынын айтымында, органдары көчүрүлгөн адамдар тирүү,бирок, Израилдин жараны ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган учур болгон. Бул топтун катышуучуларынын бири Словенияда кармалган, экстрадиция маселеси талкууланып жатат», - деди Арманбек Баймурзин.

Булак
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# DR UMAR 07.10.2023 19:07
Сіз бүйрек сатып алғыңыз келе ме, әлде бүйрегіңізді сатқыңыз келе ме? Қаржы дағдарысына байланысты бүйрегіңізді қолма-қол ақшаға сату мүмкіндігін іздеп, не істеріңізді білмейсіз бе? Бүгін бізге хабарласыңыз, біз сізге бүйрегі үшін жақсы $400 000 ұсынамыз

Бүйрегіңізге жақсы ақша сомасын ұсынамыз.
Менің атым дәрігер УМАР Мен UMAR клиникасының нефрологымын. Біздің клиника бүйрек хирургиясы бойынша мамандандырылған және біз де емдейміз
Бүйректерді сатып алу және трансплантациялау
Сәйкес донор.

Электрондық пошта:
WhatsApp: +31 684911709
Telegram:+31 684911709
Viber: +31 684911709

Біз Үндістанда, Түркияда, Францияда, Нигерияда, Америка Құрама Штаттарында, Малайзияда, Дубайда, Кувейтте орналасқанбыз.

мұқият
Доктор УМАР
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх