Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто иниси бир тууган агасын өлтүрүп, денесин унаанын дөңгөлөктөрү менен кошо өрттөп жиберген

Ал бир жыл бою туугандарына Жолдошбай Россияга иштеп кеткен деп айтып жүргөн

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылынын жашоочусу бир тууган агасын өлтүрүп, бир жыл бою туугандарына ал Россияга иштеп кеткен деп келген. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтарына ылайык, шектүү кечээ кармалган.

-1991-жылы туулган Жолдошбай Аваз уулу 2018-жылдын сентябрь айында өлтүрүлгөн, - деп маалымдашты милицияда. - Кылмыш ишине шектелип, анын 23 жаштагы бир тууган иниси кармалган.

Шектүү милицияда Жолдошбай аны бала чагында көп сабап, кемсинткенин айткан. Апасы менен эжесине да кол көтөрчү деген.

- Кармалган адам адам өлтүргөнүн мойнуна алды, - деп маалымдашты милицияда. - Ал ошол күлү улуу агасы кайрадан мас абалында үйгө келгенин айтып берген. Апасы менен эжеси үйдөн качып кетишет, ал эми Жолдошбай инисин ур-токмокко алып баштайт. Шектүү агасын темир табак менен башка чаап, кокустан өлтүрүп алганын айткан. Андан кийин, денесин жашыруу үчүн автоунаанын дөңгөлөктөрү менен кошо өрттөп, калдыктарын ээн жерге көмүп койгон.

Аталган факт боюнча КРнын ЖКнин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Зулайка Эркимбаева

Фото www  



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх