Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалда үрөйдү учурган мушташка шектүүлөр СИЗОдо кимдер тарабынан сабалганын айтпай жатышат(фото)

Экөөнө тең гипс салынган. Бирок, алардын үн катпашы тергөө изоляторундагы мушташ боюнча иликтөөнү создуктурууда

Жалдагы супермаркеттердин биринин жанынан мыкаачылык менен адамдарды сабоого шектүү Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Бишкектеги СИЗО-1де бир камерада чогуу отургандар менен мушташкандары боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

- Алардын бири керебеттен кулаганын, экинчиси ажатканадан тайып кеткенин айтып жатышкандыктан, бул мушташ боюнча тергөө иш создуктурулуп жатат, - деп түшүндүрүштү мекемеде. -Чырдын себебин аныктоо мүмкүн болгон жок.

Ал ортодо интернет айдыңында Бапышов менен Сейитбековдун гипстелген колдору менен түшкөн сүрөттөрү таркаган. Буга чейин ЖАМК аларда олуттуу жаракаттардын деле болбогонун маалымдашкан эле.

- Аларда жумшак ткандарынын уруулусу катталып, гипс №4 -Бишкек шаардык клиникалык ооруканасында коюлган, - деп түшүндүрүштү мекемеде. - Сүрөт №47-түзөтүү абагында тартылган. Алар азыр кайрадан СИЗО-1ге которулушту.

Эске салсак, 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 1999-жылкы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович 28-августта «Ярмарка» супермаркетинин жанынан эки эркек адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алышкан деп шектелишүүдө.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх