Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Орзубек Назаровдун үй-бүлөсүнүн материалдык жана моралдык зыянды төлөп бериши керек

Жогорку сот белгилүү спортчунун кызы жабыркаган жол кырсыгына чекит койду

Жогорку сот белгилүү спортчу, экс-депутат Орзубек Назаровдун кызы - Аделинаны катышуусундагы жол кырсыгы боюнча ишке чекит койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына өзү жазган.

«Бүгүн КРнын Жогорку сотунда эки жаш бала каза таап, менин кызым Аделика жабыркаган соттук отурум аягына чыкты, -деп жазган ал. - Жогорку сот чекит коюп, райондук жана шаардык соттун мурдагы чечимдерин күчүндө калтырды. Автоинспектор камакта, ал эми ИИМ материалдык жана моралдык зыянды төлөп бериши керек. Акыйкаттык акыры жеңди. Оор күндөрү жаныбызда болгондордун бардыгына,жактоочубуз Гүлнара Султанбековнага ыраазычылык билдирем, сиз чыныгы профисиз деп жазган Назаров.

Эске салсак, Аделина Назарова 2017-жылы жол кырсыгына кабылган. Ал Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын кызматкерлери кууп келе жаткан мотоциклдин жүргүнчүсү болгон. Жыйынтыкта мотоциклдин айдоочусу башка жеңил унаа менен сүзүшүп, окуя болгон жерде каза болгон. Учкашып келе жаткан Аделина Назарова кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Мындан сырткары, ооруканага автоунаанын айдоочусу жана башка жүргүнчүлөрү жеткирилип, бири эсине келбей каза болгон.

Патрулдук милиция инспекторлору жол кырсыгы болгондон кийин окуя болгон жерден качып кетишкен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх