Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош мэриясынын спорт комитетинин башчысы «Дженго» кримтөбөлү менен  сейилдеп жүргөнү байкалды (видео)

Кылыч Саркарбаевди буга чейин эрежесиз эр уруш мушкерине кол салууга тиешеси бар дешкен эле

Белгилүү спортчу Төлөгөн Рахманберди уулуна курал менен кол салган деп айтылып жаткан Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев «Дженго» каймана атка ээ кримтөбөл Кадыр Досонов менен сейилдеп жүргөнү байкалган.

Алардын чогуу сейилдеп жүргөн видеосу Facebook социалдык тармагына жарыяланган.

Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына Кылыч Саркарбаев Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарынан бери жумуш ордуна келе электигин белгилешти

- Видео качан тартылганы бизге белгисиз. Ошондой эле, биз ал Кадыр Досонов менен кандай мамилеси бар экендигин да билбейбиз., - деп жооп беришти алар. Төлөгөн Рахманберди уулуна Саркарбаев ок аткан деген сөздөр боюнча биз комментарий бере албайбыз, анткени, ал байланышка чыкпай жатат. Улуттук көчмөндөр оюнунан кийин Саркарбаев Бишкекке барышы керек болчу. Телефону өчүрүлгөн.

Эске салсак, 22-сентябрда эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Төлөгөн Рахманберди уулунун бутуна ок тийгени белгилүү болгон.

ЖМКда Ош мэриясынын спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев буга шектүү экендиги тууралуу маалымат пайда болгон.

Ал ортодо ИИМде Vesti.kg сайтына шектүү азырынча аныктала электигин, ал эми жабырлануучу көрсөтмө берүүдөн баш тартып жаткандыгын билдиришкен.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх