Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаш кызды эркек адам чаап жиберген маршруттук таксинин айдоочусу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 Айдоочу эмне үчүн жүргүнчү кыздын унааны токтотуңуз деген өтүнүчүн дароо аткарбаганын түшүндүрдү

Жакында эле Бишкектин № 146-маршруттук таксисинде чыр орун алган. Анын айдоочусу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Бекжан Акматбеков билдирди.

- Окуя «Бек-Тоо» компаниясынын маршруттук таксисинде орун алган, - деп тактады ал. Бүгүн айдоочу жана аталган фирманын директорун окуянын чоо-жайын билүү үчүн чакырганбыз. Айдоочу түшүнүк кат жазды. Анын айтымында чыр саат 10:30да, Баха көчөсүндө, жолтоомуна жетпей болгон. Айдоочу бул кырдаалды байкагандан кийин, жол чырактан өткөндөн кийин дароо унааны ыңгайлуу жерден жолдун чекесине токтоткон. Башкача айтканда, ал баары бир дароо токтото албайт эле.

Айдоочу жабыркаган кыздын ага дооматы жок экенин кошумчалаган.

- Бул маалда  чырга катышкан эркек киши унаадан чыгып кеткен эле, - деп кошумчалады Акматбеков. - Кыз болсо кийинки көчөдөн түштү. Айдоочу андан бардыгы жайындабы, жардам кереги жокпу деп сураган. Кыз ага эч кандай дооматы жок экенин, берки кишини менен бардыгын териштирээрин гана айткан. Биз айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бирок, мыйзамда кимдир-бирөө орун бошотуп бериши керектиги жөнүндө жазылган эмес. Бул биздин жазылбаган мыйзамдарыбыз, биздин коомдо орун бошотуп берүү эреже да.

Эске салсак, № 146-маршруттук таксиде эркек киши орун бошотуп бербей койгон кызды чаап жиберген. Окуянын күбөлөрү айдоочу бул учурда кыймылын улантып, кыздын унааны токтотуңуз деген өтүнүчүнө көңүл бурган эмес.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх