Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аткаминердин «Дженго» кримтөбөлү менен жолугушуусу 4 жыл мурда тартылган болушу мүмкүн

ЖАМК видео СИЗО-5тин маңдайындагы имараттын терезесинен тартылганын божомолдошту

Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев жана «Дженго» каймана атка ээ криминалдык төбөл Кадыр Досонов менен чогуу жүргөн видеосу 2015-жылы, түштүк борбор калаадагы СИЗО-5те тартылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма сөз кызматында билдиришти.

- Учурда жолугушуу качан жана кандай жагдайларда болгону такталууда, - деп маалымдашты мекемеде. - Алдын ала маалыматтарга караганда, интернетте пайда болгон видео 2015-жылы коңшу имараттын терезесинен тартылган. Ал кызматкерлер азыр иштешпейт. Текшерүү уланууда.

Эске салсак, буга чейин журналист Ыдырыс Исаков Кылыч Саркарбаев белгилүү спортчу Төлөгөн Рахмандердини мылтык менен бутуна атып жибергенин жазган эле.

Жабырлануучу өз кезегинде укук коргоо органдарына көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Азыркы маалда Саркарбаев кайда экендиги белгисиз болууда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх