Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу атышуу: ММА мушкери өзүн өзү атып алганын билдирди(видео)

Спортчу Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев ага ок чыгарбагынын айтууда. Ал тургай экөө бир туугандык мамиледе экен

Бутуна ок тийген ММАнын мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын билдирди.

Анын айтымында окуя ушул жылдын 21-сентябрында орун алган. Бирок, укук коргоо органдары буга чейин окуяны 22-сентябрь күнү эртең менен болгон дешкен эле.

- 21-сентябрда мага тааныш балдар келишкен, - деген ал. - Биз унаада отурган болчубуз, алардын бири - Бекболот деген жигит тапанча таап алганын айтып, мени аны текшерип беришимди суранды. Мен укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкеримин, куралды колума алып, ал октолгон экенин байкабай калыптырмын. Кокустан өзүмө карай ок чыгарып алдым. Алар мени ооруканага жеткиришип, өздөрү үйлөрүнө кетишти.

«Ош Пирим» телеканалына берген маегинде ал Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаевдин буга тишеси жок экендигин айткан.

- Кылыч экөөбүз жакшы мамиледибиз, бир туугандардай, - деп белгилеген Төлөгөн Рахманберди ууду. - Мындай ушактарды ким таратып жатканын мен билбейм.

Эске салсак, буга чейин ЖМКда спортчуга ок чыгарган деп Кылыч Саркарбаев шектелип жатканы айтылган.

Ал ортодо ИИМнин РАБнын тергөө кызматынын башчысы Айбек Турсунбаев Vesti.kg сайтына шектүү азырынча аныктала электигин, жабырлануучу көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын маалымдаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх