Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санына өзүн өзү атып алган ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу дагы эле ооруканада

Дарыгерлер спортчу азырынча өз алдынча баса албасын айтышты

Санына ок тийген ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облус аралык бириктирилген клиникалык оорукананын директору Талант Арстанкулов маалымдады.

Анын айтымында, спортчу травмотология бөлүмүндө дарылануусун улантууда.

- Качан чыгарабыз, азырынча белгисиз. - деп белгиледи ал. - Ал бардык керектүү дарылануусун алып жатат, эч кандай оорлошуу болгон жок. Бейтап азырынча өз алдынча баса элек.

Эске салсак, Төлөгөн Рахманберди уулу ушул жылдын 22-сентябрында санына ок тийип, ооруканага түшкөн.

Укук коргоо органдары спортчуга чырдан улам ок тийгенин кабарлашкан. Такталбаган маалымат боюнча кол салгандардын арасында Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев болгон.

Бирок, кийинчерээк жабырлануучу кокустан өзүн өзү атып алганын айткан.

Кылыч Саркарбаев өз кезегинде Vesti.kg сайтына Төлөгөн Рахманберди уулу менен жакшы мамиледе экенин билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх