Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Азаттыктын» журналистине 5 миң доллар пара талап кылуу боюнча арыз түштү

Ыдырыс Исаков ишкер ага чындыгында эле акча сунуштаганын, бирок иштин жагдайлары таптакыр бөлөк экенин айтты

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго каршы милиция экинчи жолу беш миң доллар өлчөмүндөгө акча талап кылганы боюнча арыз түшкөн. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБ билдирди.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча К.С. аттуу жаран өз арызында Исаков анын кеңсесине келип, акча же болбосо Лексус маркасындагы унаасын берүүнү опузалап талап кылган.


«Мындан сырткары, арызда К. С. 100 миң сом сунуштаганын, бирок, журналист акчадан баш тартып, интернетте анын компаниясы жөнүндө материал чыгарып салганы айтылган», - деп жазылат ИИБнын басма сөз кызматында.


Мекеме ошондой эле аталган факт боюнча мурда кылмыш иши козголуп, далилдин жоктугунан токтотулганын кошумчалады. К.С. атту жаран ушундай эле мазмундагы арыз менен ушул жылдын апрель айында кайрылган.


Ыдырыс Исаков өз кезегинде Vesti.kg сайтына ага чындыгында эле акча сунушташканын айтып берди.

- Милицияга арызды Канат Сатпаев жазып жатат, - деп тактады журналист. - Ал Жалил Атамбаевге иштейт, мен бул кишинин бизнеси тууралуу иликтөө жүргүзгөн элем. Анда Жалил Атамбаевдин «Агро Доор» компаниясы салыктан качканы, ал эми ишкананын жылдык кирешеси ар кайсы жылдары 34 миллион сомдон 486 миллион сомго жетээри аныкталган. Алар мага бул маалыматты материалга чыгарбашымды сурап, акча сунушташкан, мен баш тартып, андан көрө «салык төлөгүлө» деп кеңеш бергем.

Журналист анын акча опузалаганы далилдене турган болсо, жазага тартылууга даяр экенин кошумчалады.
- Ошондой эле Ош шаарынын ИИБ байлар үчүн эмес эл үчүн иштөөгө чакырат элем, - деп сөзүн жыйынтыктады Исаков.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх