Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция «Матраимовдун жээнинин атынан фейк баракча ачкан киши кармалды» деген маалыматты четке какты

Укук коргоо органдары фейк аккаунттун кармалган ээси менен видеонун автору ким экенин аныкташууда

Милиция «МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жээни Назик Матраимованын атынан Инстаграмда фейк баракча ачкан киши кармалды» деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин ШИИББнын басма сөз кызматында билдиришти.

- Биз бул видео боюнча текшерүү жүргүзүп жатабыз, - дешти милицияда.

УКМКнын басма сз кызматынан пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда Назик Матраимованын атынан жазган фейк билдирүүлөрдүн автору кармалганы боюнча видео тараган.

Видеодогу адам кечирим сурап, кылгандарына өкүнүп жатканын айткан.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх