Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жаш кыз Стамбулдун аба майданынан жоголуп кетти (фото)

 Айчүрөктүн депрессия абалында болгонун туугандары айтышууда

Кыргызстандык Айчүрөк Данияр кызы дайынсыз болууда, акыркы жолу аны Стамбулдун аба майданынан көрүшкөн. Бул тууралуу кыздын туугандары маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 24 жаштагы кыз 1-октябрда Франкфурттан Turkish Airlines авиалиниясынын TK1594 рейси менен Стамбулга саат 23:10до учуп келген, ал жактан Бишкекке учуп келмек.

«Айчүрөк депрессиялык абалда болчу. Ал Стамбулдан паспорттук көзөмөлдөн өтпөй, ошол бойдон жоголуп кеткен. Видео байкоонун камераларынан саат 23:20да ал аэропорттун аймагында болгонун көрдүк. Андан кийин андан кабар жок болуп жатат», - деп маалымдашты кыздын туугандары.

Ата-энеси КРнын Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылышкан, бирок, кыздын кайда экени дагы деле белгисиз болууда.

Кандайдыр-бир маалыматка ээ болсоңуздар, 0704444758 номуруна кайрылууңударды суранабыз Бекболсун (Айчүрөктүн атасы).

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх