Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юристанбек Шыгаевдин ишин тергөө уланууда

 Көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору үч жолу УКМКнын сурагында болду

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин мурдагы директоруна каршы тергөө иши учурда уланууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев маалымдады.

- УКМК ага карата кылмыш ишин козгогон, - деп эске салды Усубалиев. - Азыркы учурда тергөө уланууда. Шыгаевдин анын ишмердүүлүгүн текшере турган комиссиянын мүчөлүгүнө кирүү аракети боюнча болсо мен ошондо эле маданият министрине өз пикиримди билдиргем. Азамат Жамангулов анын өтүнүчүн четке каккан. Дегеле кантип Шыгаев ушундайды ойлоп чыкканга дити барды түшүнбөйм.

Ал ортодо Vesti.kg Көркөм сүрөт музейинин экс-директору, КРнын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин өзүнө да кайрылды.

- Тергөө азырынча уланууда, - деп тактады Юристанбек Абдиевич. - Мен үч жолу УКМКда суракта болдум.

Эске салсак, Юристанбек Шыгаев картиналарга байланышкан чырдан кийин музейдин директорлугунан кеткен.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх