Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Таласта 16 жаштагы кызды 35 жаштагы эркек ала качып кетти» (видео)

Шаардын ИИБ жашы жете элек кыздын уурдалганы боюнча маалыматты текшерүүдө

Кечээ Таласта жашы жете элек кыздын уурдалганы тууралуу маалымат Instagram социалдык тармагындагы Bezpredel.kg группасында жарыяланды.

Видеодо аялдар күч менен көшөгөнүн ичине аккордеондун бакырып чыккан үнү менен кошо киргизип жатышканын көрүүгө болот. Мындан сырткары аялдардын үндөрү, алакандардын чабылып жатканы угулат.

Кыз чоңдордун колунан бошонууга болгон аракетин кылат, бирок, кимдир-бирөөнүн «Карма, карма!» деген сөздөрү менен аны бошотушпайт.

«Элдик жаңылыктардан. Таласта 2003-жылы туулган кызды 1984-жылкы эркек ала качып кетти. 6-октябрь, 2019-жыл», - деп жазылган видеонун астында.

Ал ортодо Vesti.kg Талас шаарынын ИИБна кайрылды.

- Азырынча бул маалыматты тастыктай албайбыз, - деп жооп беришти милицияда. Аталган видео боюнча текшерүү жүрүп жатат. - Толук маалыматты кийинчерээк айта алабыз.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх