Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто милиция кызматкерлери 64 кылмышты жаап-жашырып койгон

Аталган фактылар прокуратура тарабынан аныкталган. Тергөөнү «Финпол» жүргүзөт

Ош ИИБнын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 8 айынын ичинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 64 материалды киргизбей коюшкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башкы прокуратурада кабарлашты.

- Шаардык прокуратура кылмыштардын жана жоруктардын борбордук каттоосунан жашыруу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзгөн, - деп такташты көзөмөл органында. Анын жыйынтыгында, укук коргоо органдары реестрге 64 материалды киргизбей коюшканы аныкталган. Алардын арасында кийин чара көрүлүүгө тийиш болгон бузуулар да бар.

- Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КРнын КЖКнин 331-беренесинин 1-бөлүгү (Шалаакылык») жана 320-б. 1-б. («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча катталды. Тергөөнү Ош жана Ош облусу боюнча ЭКККМК жүргүзөт.


Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх