Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кеминдик тургун: Менин сиңдимди милиция башчысынын досу зордуктап салды

Чүй облусунун ИИББ бул маалыматты текшерүүдө

Кеминдик аял жергиликтүү милициянын бөлүмдөрүнүн биринин башчысынын Тимур аттуу досу тарабынан зордукталганы айтылууда. Мындай маалымат Фейсбуктагы «БеспределKG» группасында жарыяланган.

Публикацияда октябрдын 4нөн 5не караган түнү кылмышкер алдоо жолу менен аялды көчөгө чыгарып, автоунаасы менен Кеминдеги үйүнө алып барып, ырайымсыздык менен зордуктап салган.

«Сиңдим Токмок шаарында жашайт. Ал күйөөсү менен жарым жыл мурда ажырашып кеткен. Күйөөсүнүн аты Тимур болчу. 4нөн 5не караган түнү ошол Тимур алдоо жолу менен аны көчөгө чыгарып, Кеминдеги үйүнө алып кетип калган. Ал жерден катуу ур-токмокко алып, зордуктаган. Сиңдимдин айтуусу боюнча ал аны 2 саат бою зордуктап, сабаган. Ал уктап калганда гана сиңдим качып чыккан. Тимур Кеминдин жергиликтүү милиция бөлүмүнүн КМКнын Азис аттуу башчысынын досу болгондугуна байланыштуу укук коргоо органдары аны кармабай жатат»,- деп жазылган постто.

Билдирүүнүн авторунун айтымында жабырлануучу азыр ооруканада. Арызды тергөөчү Рустам Маматбеков кабыл алганын, ал аны кармоо боюнча тергөө тапшырмасын бергенин, бирок, шектүүнү атайын кармабай жатышканына нааразы болгон.

Ал ортодо Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бул маалыматты текшерип жатканын, кийинчерээк маалымат бере алышарын айтышты.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх