Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалдагы үрөй учурган мушташ. Сабалган балдардын бири эсине келди, бирок, мушташ жөнүндө эч нерсе эсинде жок

Жабырлануучу ооруканадан чыкты. Ал өз алдынча басып калган, Воронцовкада дарылануусун улантууга ниет кылууда

Жалдагы «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан аёосуз сабалган адам ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жабырлануучу Асылбектин атасы Бектемир Алиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Асылбек үйдө, бирок жакынкы арада Воронцовкадагы реабилитациялык борборго дарыланууга барат.

- Ал азыр өз алдынча басып калды, сүйлөйт, бирок алган жаракаттарынан баары бир кыйналууда, - деди атасы. Баламдын башы көп ооруп жатат, абдан ачуулуу болуп калды. Биз Воронцовкада дарылануусун улантсакпы деп жатабыз.

Коомчулуктун үрөйүн учурган мушташтын жабырлануучусу алгач кома абалына түшүп калган. Ал нейротравма бөлүмүндө 20 күн дарыланып, кийин Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланган.

Бектемир Алиев дарыгерлер ага укук коргоо органдарына көрсөтмө берүүгө айрым бир убакытка тыюу салышканын айтты.

- Комадан чыккандан кийин медиктер ага көрсөтмө берүүгө тыюу салышкан. - Бирок, мушташ эмнеден улам башталганы, кантип сабалганы тууралуу уулумдун эсинде жок, - деди жабырлануучунун атасы.

Белгилей кетсек, резонанс жараткан окуя Бишкек шаарында 28-август күнү таңкы 7де болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо эсин жоготуп жыгылган жабырлануучуларды башына чыгып секирген эркектер тартылган.

Шектүүлөр издөөгө алынып, бирок, бир нече күндөн соң өздөрү милицияга келишкен.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх