Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бизнесмен Субихи Пархати кармалып, эч кайда чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы өнөктөшү тергөөнүн аягына чейин эркиндикте болот

Бизнесмен Субихи Пархати эч кайда чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи май райондук сотунда маалымдашты.

Кечээ сотко Аскердик прокуратурадан Пархатинин кармалуусун мыйзамдуу жана негиздүү деп таануу жана баш коргоо чарасын эркинен ажыратпаган түрдө кабыл алуу боюнча өтүнүч кат келип түшкөн, - деп маалымдашты сотто. - Соттун токтому менен ал тергөөнүн аягына чейин эч кайда чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду.

Белгилей кетсек, 2018-жылга чейин Субихи Вуфуерович Пархати жана Алмазбек Атамбаев «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасыннын кош негиздөөчүлөрү болушкан. osoo.kg сайтынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын апрель айында компания кайра каттоодон өтүп, Пархати анын жалгыз ээси болуп калган, директор болуп Салия Ишкинина дайындалган.


Бизнесменге кылмыш жасады деген шектенүү жөнүндө билдирме тапшырылган. Буга чейина ал издөөгө алынган. Ал кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырган деп шектелген.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх