Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уят! Ошто автоинспекторлор терезелери караңгылатылган, жасалма номурлуу БМВнын айдоочусу менен жай учурашып, кое берип жиберишти (видео)

 Сүйүнгөнүнөн унаадагылар каткырып, инспекторлорду мазактап, шылдыңдап жатышты. Милиционерлерге карата кызматтык териштирүү башталды

Ошто ЖКККББ инспекторлору терезелери караңгылатылган унааны токтотуп, административдик протокол түзбөстөн дароо кое берип жиберишкен.

Жүргүнчүлөрдүн бири бийлик өкүлдөрү менен болгон «сүйлөшүүнү» видеого тартып алган. Жол сакчылары менен сүйлөшүүгө айдоочу эмес, жүргүнчү чыккан. Видеодон милиция кызматкерлери мыйзамсыз караңгылатылган терезелерди көз жаздымда калтырып койбостон, жүргүнчү менен жылуу-жумшак учурашкандарын да көрүүгө болот. Жазадан кутулганын сезген салондогу жаштар күүлдөп кыйкыра кубанышат.

(Осторожно, ненормативная лексика)

Ал ортодо ИИМнин ЖКККББнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына окуя үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында болуп өткөнүн маалымдашты. Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы кызматтык териштирүү башталды.

Мындан сырткары, автоунаанын ээсине карата 4 протокол түзүлгөн.

- 2019-жылдын 19-октябрында болжол менен 23:30да Ош шаарынын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан кара көк түстөгү БМВ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган, - деп такташты мекемеде. - Айдоочу Н. уулу Т.га карата 4 протокол түзүлдү. Протокол айдоочулук күбөлүксүз транспорт каражатын башкаруу, жасалма мамлекеттик номур менен унааны башкаруу, кызматкерлердин транспорт каражатын токтотуу талабын аткарбоо жана тересези караңгылатылган унааны башкаруу беренелерин бузуу боюнча түзүлгөн.

Мекемеде автоунаа айып токтотуучу жайга киргизилгенин кошумчалашты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх