Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдоочуга ок аткан Бишкек ШИИБнын бөлүм башчысы тергөө учурунда кызматынан четтетилген жок

УКМКда милиционер иште күбө катары гана каралып жатканын такташты

Жолдогу чырдан айдоочуга ок аткан Бишкек ШИИБнын КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангулов тергөө учурунда кызматынан четтетилген жок. Vesti.kg жиберген суроого УКМК ушундай жооп кайтарды.

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Нурлан Амангуловдун Түштүк Магистраль жана Айылчиев көчөлүрүнүн кесилишинде А.Ж.А. аттуу жаранга каршы травматикалык куралдан ок чыгарганына байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын иликтеп жатат, - дешти УКМКда. КР КПКнин 122-беренесине ылайык башка процессуалдык чараларга иш боюнча шектүү жана айыпталуучуну убактылуу кызматынан четтетүү кирет. Амангулов күбө катары каралып жаткынына байланыштуу, ага карата мындай чара колдонуу мүмкүн эмес. Иштин мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкат чечилиши үчүн бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө.

Эске салсак, 9-ноябрда Бишкек ШИИБнын КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангулов жол талаша кетип, башка айдоочуга ок аткан.

Жабырлануучунун колуна ок тийип, 4-шаардык ооруканага жеткирилген.

Амангулов өзүн өзү коргоо үчүн ок чыгарууга мажбур болгонун айткан. Жабырлануучу милицияга арыз жазган эмес.

Медина Купсулдаева
Фото www

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх