Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-көл шаардык сотунун судьясы жана милиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары пара менен кармалды (фото)

 Фемиданын кызматкери милиционер менен биргеликте жарандан 100 миң сом акча опузалап талап кылган

2019-жылдын 1 октябрында КР ИИМ Ички иликтөө кызматына И.Ф. кайрылган. Анда Кара-көл шаарынын ИИБ кызматкери Кара-көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 000 сом пара талап кылганы айтылган. Мындан тышкары, эркиндигинен ажыратпаган бөгөт каралышы үчүн сот органдарына 30 000 сом пара берүүгө аргасыз болгон. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренисинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

КР УКМК ККК жана ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-көл шаарынын ИИБ кызматкери, милиция капитаны Б.М. Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен сүйлөшүп алып, ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган.

Ошентип, 2019-жылдын 30-октябрында Кара-көл шаарында өткөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө талап кылынган паранын бөлүгү 20 000 сом акча каражатын алууда Кара-көл шаардык судьясы Ы.П. жана Кара-көл шаарынын ИИБ башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.М. кармалды.

Азыркы убакта КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх