Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте «Империя Пиццы» кафесинин күзөтчүлөрү кардарды катуу ур-токмокко алышкан (видео)

Жабырланган күйөө баланын мээси чайкалып ооруканага түштү

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Империя пиццы» кафесинин күзөт кызматкерлеринин бири кардарын ур-тепкиге алган. Мындай маалымат Инстаграм социалдык тармагындагы @Black_list.kg группасында жазылып чыкты.

Билдирүүдө бир нече жаштардан турган топ үйлөнүү үлпөт тоюнан кийин кафеге эс алууга барышканы айтылган. Күзөтчү аларга кыйкырбагыла деп эскертүү берген.

«Бизге коопсуздук кызматкери басып келип, орой түрдө «кыйкырбагыла» деди. Биз макул болуп, унчукпай бийлеп жатканбыз, ортодо жаңы үйлөнгөн жаштар бийлеп жатышкан. Күзөтчү бизге кайра келип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, биздин досубузду өзүнө чакыра баштады. Күйөө жолдош аны басылтканга аракет кылды. Андан соң күзөтчүгө күйөө бала өзү барып: «Мына келдим, кардарга эмне кыласың?» деди. Тигил формасын чечип, добусузду көчөгө чакырды. Күйөө бала менен күйөө жолдошту тепкичтен түртүп жиберип, сабап салышты. Күйөө бала дароо эсин жоготуп жыгылды, келинчеги ыйлап жатты. Эч ким аны эсине келтире албай койду, бардыгыбыз аны өлүп калды деп ойлодук. Ал азыр ооруканада, мээси чайкалып, тиши күбүлгөн»,- деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүүнүн авторунун айтымында кардарларын ур-тепкиге алган коопсуздук кызматкери дароо изин жашырып качып кеткен.Бир нече убакыттан кийин милиция кызматкерлери жана тез жардам келип, жабыркагандарды ооруканага алып кеткен.

Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына аталган окуя боюнча маалыматты кийинчерээк бере алышарын айтышты. Мындан сырткары, Vesti.kg «Империя Пиццы» кафесинин да администрациясына комментарий алуу үчүн кайрылган. Алар дагы маалыматты азыр эмес, кечирээк бере алышарын белгилешти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх