Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз көмүр» МИнын башчысы криминалдык талаш-тартыштан улам сабалдыбы?

 Канат Ашырбаевди «Кара-Кече» кенинде орнотулган видео байкоо камералары үчүн сабашкан деген пикир бар

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын башчысы Канат Аширбаевди белгисиз адамдар темир түтүк менен сабап кетишкен. Бул маалыматты МИнын өзүндө тастыкташты.

Кол салуу кечээ ал «Тунгуч» микрорайонунда жайгашкан спортзалдан чыгып келе жатканда болгон. Кол салгандар бет капчан болгондугу айтылууда.

Мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы ошондой эле, учурда «Кара-Кече» кенинде видео байкоо камералары орнотулуп жатканын, бул жагдай баарына эле жага бербеши мүмкүн экенин да белгилешти.

Ал ортодо энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев Vesti.kg сайтына берген маегинде «Кыргыз көмүрдүн» башчысына кол салуунун себеби - криминалдык талаш-тартыштар болушу мүмкүндүгүн божомолдоду.

- Кара-Кече көмүр кенинде илгертен эле кылмыштуу топтор бар болчу, алар ал жерден акысыз көмүр ташып чыгып кетишет, - деп белгиледи ал. - Уурдалган көмүр менен 50 унаадан турган колонна бир чыгып кеткен учурлар болот. Бул кендин өзүнүн тартип жана мыйзамдары бар. Бийлик ал жерге такыр эле тартип орното албай койду. Так кесе айта албайм, бирок, Ашырбаев «Кара-Кечедеги» криминалдын колунан жабыркаганы толук ыктымал.

Канатбек Ашырбаевдин өзү менен Vesti.kg азырынча байланыша алган жок.

Укук коргоо органдары дагы аталган окуя боюнча расмий малымат берише элек.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх