Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Империя пиццынын» күзөт жетекчиси аларда болуп өткөн мушташ жөнүндө айтып берди

Анын айтымында кардарды алардын кызматкерлери эмес башка кардар сабаган. Күзөт агенттигинин директору тосмо арыз жазды

«Империя пиццы» кафесинин күзөт кызматкерлери кардарларды сабаган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маршал Секьюрити» күзөт агенттигинин директору Жакшылык Дыйканбаев айтып берди.

Дыйканбаевдин айтымында, алардын күзөтчүлөрү мекеменин башка кардарларынын тынчын алып, залда бийлеп жаткан жаштарга бир нече ирет эскертүү айтышкан. Тынчыраак болуунун ордуна жигиттер жаман сөздөр менен тилдене башташат.

Бир нече убакыттан кийин, Дыйканбаевдин маалыматы боюнча, күзөтчүлөр конокторду «ресепшнге» алып чыгып, акырыныраак болууларын суранууга аргасыз болушкан. Бирок, кардарларга бул дагы таасир берген эмес.

- Биз аларга келип, жай эле мекеменин тартиптерин сактоого чакырып жаттык, - деди күзөт агенттигинин директору. - Бирок, алар бизди укпай, кыйкырык-сүрөөндү улантып жатышты. Жаңы үйлөнгөн жубайлар ортодо тегеренип бийлеп, башка кардарларга ыңгайсыздык жаратып жатышты. Андан кийин биз аларды ресепшнге кайра сүйлөшүү үчүн чакырдык. Күйөө бала оройлоно баштады. Биз аларды бирден-бирден мекемеден чыгарууга аргасыз болдук. Эшикке чыгышканда алар буга чейин бийлеп жатып, арыздашып кеткен жигиттердин тобу кол салып жиберди. Алардын бири күйөө баланы уруп жиберип, берки жыгылып түшкөн.

Дыйканбаев балдарды урган белгисиз адам дароо ал жерден качып кеткен, ал эми соцтармакка жазган кыз окуяны көзү менен көргөн эместигин белгиледи. Мындан сырткары, күзөт жетекчиси жаш балдарга каршы тосмо арыз жазган.

- Мен жабырлануучуга ооруканага барып, биздеги видеону көрсөтөйүн деп жатам. Эки күзөтчү аларды ажыраштырууга аракет кылганын андан көрүүгө болот, - деп сөзүн улантты Дыйканбаев. - Мен андан эмнеге ал башка адамдар менен мушташты өзү көкүтүп алып, эми буга күзөтчүлөрдү күнөөлөп жатканын сурайын дегем. Ичип алышыптыр мейли, бирок, адам өзүн өзү кармаш керек да кичине.

Ал ортодо Ахунбаева 173 дареги боюнча жайгашкан «Империи Пиццынын» кардарларды тейлөө боюнча менеджери телефон аркылуу Vesti.kg сайтынын кабарчысына комментарий берүүдөн баш тартып, кыйла орой түрдө «жумушка жолтоо болбошубузду» айтып, трубканы коюп салды. Ошондой эле ал мекеменин администрациясы окуя боюнча пикирин берүүгө ниети жок экенин дагы кошумчалады.

Эске салсак, @Black_list.kg инстаграм-аккаунтунда билдирүү калтырылып, анда автор Ахунбаева көчөсүндөгү «Империя пиццы» кафесинин күзөтчүлөрү эки кардарын ур-токмокка алгандыгын жазып арызданган. Алардын бири, билдирүүдөгү маалыматка караганда, учурда мээси чайкалып ооруканада жатат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх