Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Империи пиццы» кафесиндеги мушташ. Жабырлануучу кечээ-мурдагы күнү ал күзөтчүлөр дагы бир жигитти ур-токмокко алышканын айтып берди

Ал аны коопсуздук кызматкерлери сабаганын баса белгилөөдө

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Империя Пиццы» кафесинде сабалган адам аны башка коноктор эмес, мекеменин коопсуздук кызматкерлери ур-токмокко алышканын айтып берди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Данил Базеков чыр бий аянтчасында эле башталганын айттыр.

- Биз бийлеп жаткан кезде бизге күзөтчү басып келип, акырыныраак бийлегиле деп суранды, - деди ал. - Мен жаңы үйлөнгөн жубайымды болгон жарым метр өйдөгө көтөрүп койгон элем. Андан кийин коопсуздук кызматкери дагы бир жолу бизге келип, жаман сөздөр менен тилдеп, орой мамиле кыла баштады. Үстүндөгү кийимдерин чечип, мени көчөгө чыгууга чакырды

Базековдун айтымында, көчөдө аны дагы бир нече күзөтчү күтүп турган.

- Мен досум менен чыктым, экөөбүздү ур-токмокко ала башташты, мен дароо эсимди жоготуп коюптурмун, - деп кошумчалады ал. - Азыр ооруканадамын, мээм чайкалып, баш сөөк ичинде жаракат болгон, ошондой эле тишим күбүлүп калды. «Империя пиццынын» күзөт жетекчиси Vesti.kg сайтына берген маегинде мени башка конок менен мушташкан дептир. Андай болгон эмес. Мен эч ким менен арыздашкан эмесмин.

Мындан сырткары, анын айтымында мекеме ага камералардын жазууларын берүүдөн баш тарткан.

- Алар мага чыр кафенин ичинде башталганы туурасындагы жазууну беришпей, күзөтчүлөр формасын чечип коюшкан кездеги, көчөдөн тартылган жазууларды көрсөтүп жатышат, - деп тактады жабырланууучу. Эң кызыктуусу мен жаткан палатага эки күн мурда «Империя пиццынын» ошол эле филиалындагы күзөтчүлөрдөн токмок жеген жигит түштү.

Маалым болгондой, экинчи жабырлануучуну бий аянтчасынан сабап салышкан.

- Ага дагы видео байкоо камераларынын жазууларын бербей жатышыптыр, ал милицияга арыз жазганына карабай, тергөөчү да келген жок, - деп сөзүн жыйынтыктады Базеков.

Эске салсак, буга чейин «Империя пиццы» кафесинин күзөт жетекчиси Vesti.kg сайтына алардын күзөтчүсү кардарларын ур-токмокко алган деген айыптоо боюнча кенен комментарий берген. Ал жабырлануучунун «мени күзөтчүлөр сабады» деген сөзүн четке кагып, аны күзөтчүлө эмес, кафенин башка коноктору ур-токмокко алышканын айткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх