Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип, эки кыргызстандык жана сириялык бир жаран кармалды

Полиция аларды Түркиядан чыгып кетүү аракетин кылган маалда кармаган

Ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелген үч чет элдик Түркиянын полициясы тарабынан кармалышты. Бул тууралуу түрк ЖМКлары маалымдады.
Шектүүлөр Түркиядан чыгып кетүү аракетин кылган маалда Түркиянын Адана шаарында кармалган. Алардын экөө кыргызстандык Абдулла Энвер жана Хусеин Ахметалиев, үчүнчүсү сириялык Али Исбе экени айтылууда.

Эске салсак, «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар туурасындагы иликтөөдө аты аталган ишкер Айеркен Саймаити Түркияда өлтүрүлгөн.

Түрк ЖМКнын маалыматтарына караганда, Саймаитини белгисиз адам 10-ноябрда Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманкалардын биринен атып жиберген. Ал ооруканага жеткирилип, бирок, алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Саймаити КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бизнес-өнөктөшү деп айтылып келген..

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх