Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саймаитинин өлүмү. Жогорку Кеңеште премьер-министрдин үн катпаганына кыжырданышууда

«Жакында биздин өлкө Сицилияга айланат, азыр деле андан алыс эмес, бирок»

Парламент Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити кандайча КРнын консулдугунун дипломатиялык номуру бар автоунааны айдап колдонуп жүргөнүн талкуулаш керек, анткени, бул өтө курч кырдаал. Бул тууралуу ЖКнын бүгүнкү жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты.

- Алгач аэпортто ишкердин сөөгүн табышты, андан кийин «Кыргыз көмүрдүн» башчысы сабалды, эми болсо биздин укук коргоо органдарыбыз издеп жүргөн адамды Түркиядан өлтүрүп кетишти, ал эми премьер-министр болсо унчукпай отурат, - деп баш чайкады эл өкүлү. -Бул маселени парламентте карап чыгуу керек. Депутаттарга берилчү маалымат - элге берилчү маалымат. Эгерде муну токтотпосо, биздин өлкө жакында Сицилияга айланып кетет. Азыр деле андан алыс эмес, бирок.

Өз кезегинде башка депутат Дастан Бекешев Шыкмаматовдин пикирине кошуларын айтып, кылмыштуулук маселесин ыкчам карап чыгуу керектигин билдирди.

- Биз ИИМдин өкүлдөрүн чакырышыбыз керек - эмнеге биз Түркиядагы консулдун аракеттери жөнүндө акыркылардан болуп уктук, - деди Бекешев. - Балким, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү зарыл. Болуп жаткандарды биз талкуулабасак, биздин ордубузга муну коомчулук жасайт.

Ал ортодо депутат Руслан Казакбаев маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп чыккан күндө деле, укук коргоо органдары буга так бир жооп бере алышарына күмөн санады.

- Алар адатынча тергөө жүрүп жатканын, азырынча маалымат бере алышпарын айтышат да, - деп божомолдоду Казакбаев. - Бул маселени жабык режимде талкуулаш керек го деп ойлойм.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх