Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саймаитини өлтүүрүгө шектелип кармалгандар полицияга кыргызстандык паспортторду көрсөтүшкөн жок

КРнын ИИМи шектүүлөр өздөрүн КРнын жарандары катары тааныштырышканын, бирок, муну тастыктаган документтери жанында болбогонун такташты

Ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр полицияга кыргызстандык паспортторду көрсөтүшкөн эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын жанында кыргызстандык паспорттор болгон эмес, бирок, алар полицияга өздөрүн Кыргызстандын жарандары катары тааныштырышкан.
ЖМКда шектүүлөр Кыргызстандын жарандары деп айтылууда, бул такталбаган маалымат, - деди Дыйканбаев. – Учурда абалды Кыргызстандын Түркиядагы башкы консулдугу көзөмөлдөп жатат.

Эске салсак, Түркиянын полициясы тарабынан кечээ, 12-ноябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип, 3 чет элдик кармалган.
Шектүүлөрөр өлкөдөн чыгып кетүү аракетин кылган маалда Адана шаарында кармалышкан. Түрк ЖМКнын маалыматтарына ылайык, алардын экөө Абдулла Энвер жана Хусеин Ахметалиев, үчүнчүсү сириялык Али Исбе болгон.

Ишкер Айеркен Саймаитинин аты «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар туурасындагы иликтөөдө аталган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх