Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аял эки автоунаанын дөңгөлөктөрү астында калып, көз жумду

Эки унаа тең айып короого токтотулду

Бишкекте Карл Маркс көчөсүнүн Жантөшөв жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө Nissan X Trail автоунаасынын айдоочусу 40 жаштагы аялды коюп кеткен. Аял алган жаракатынан окуя болгон жерде көз жумган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аял туура эмес жерден жолдон өтүп бара жаткандыгы, айдоочу жүргүнчүнү байкабай калгандыгы айтылууда. Биринчи автоунаанын артынан келе жаткан Toyota дагы аны тебелеп кеткен.

Окуя болгон жерге ЖКККББнын кызматкерлери келип, керектүү материалдарды чогултушууда. Автоунаалар айып коргоого киргизилди.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх