Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын жарандары бөйрөктөрүн «көмүскө транспантологдорго» сатып келишкен 

Казакстанда адамдардын органдарын трансплантациялоо менен шугулданган кылмыштуу эл аралык топ кармалды. Алардын ичинде КРнын жараны бар

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаменти тарабынан Шымкент шаардык № 1-клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Vesti.kg сайтынын кабарчысы кабарлады.

«Ал КРнын ККнин 264-б. 2-б. («эл аралык кылмыш тобуна катышуу») жана 116-б.3-б. («адамдардын органдарын мыйзамсыз алуу») каралган кылмыш иштерин жасаган деп шектелүүдө», - деп маалымдайт Казакстандын ИИМнин басма сөз кыматы.

Сотко чейинки тергөө иштери жүрүп, анын жыйынтыгында эки жылдан бери Казакстандын аймагында адамдардын органдарын трансплантациялоо менен шугулданган туруктуу кылмыш тобу иш алып баргандыгы аныкталган, дарыгер ушул себептен кармалган. Анын уюштууручулары чет өлкөлүк жарандар болгон.
«Донорлор оор материалдык абалынан улам өз бөйрөктөрүн сатууга аргасыз болгон Өзбекстан, Кыргызстан, Украинанын жарандары, ал эми реципиенттер - (органдарды кабыл алгандар) алыскы чет өлкөнүн, көбүнчө Израилдин колунда бар бай адамдары болгон», - деп жазылган жарыяланган пресс-релизде.

Тергөө группасы Шымкенттин № 1 -ооруканасынын башкы дарыгери кылмыш тобу менен сүйлөшүүгө барып, мыйзам тарабынан адамдардын органдарын алып-сатууга тыюу салынганына карабастан, ири акчалай сый акы үчүн бөйрөктөрдү алмаштыруу операцияларын жүргүзүп келгенин аныктаган.

«Буга чейин врач-трансплантолог Куттымуратов жана кылмыш тобунун мүчөлөрүнүн бири - Кыргызстандын жараны - Тайсалова Б. Т. камакка алынган», - деп жазылат маалыматта.

Кылмыш иши жакында аягына чыгып, сотко жөнөтүлөт.

Айнур Коскина
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх