Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксыда орто мектептин окуучу кыздары арасында жапырт мушташ чыкты (видео)

 Жалал-Абад облусунун ИИБ учурда бул маалыматты текшерүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында №10 Ж. Мамытбеков атындагы орто мектептин окуучу кыздарынын арасында жапырт мушташ чыккан. Ушундай аталыштагы видео Youtube порталында пайда болду.

Окуучу кыздардын урушун күбөлөр видеого тартып алышкан. Аларды бул көрүнүш күлкүгө салган сыяктуу, кыздарды ортого түшүп арачалап, ажыратайын деген күбөлөрдүн бирин калганы токтотуп, телефонго тартууну улантышкан.

Жаңжалга 20га жакын кыздардын катышып жатканын көрүүгө болот. Калган чогулгандар жөн гана окуяга көз салып турушкан.

(Абайлаңыз, ненормативдик лексика- ред.)

Vesti.kg Жалал-Абад облусунун ИИБна бул боюнча кайрылып, алар бул маалымат текшерилип жатканын айтышты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх