Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги троллейбустардын биринде колуна бычак кармаган адам жүргүнчүлөргө кол салууга аракет кылган

Айдоочу-айымдын ыкчам аракеттери гана кырсыктан сактаган

Бишкекте колуна бычак кармаган адам аз жерден троллейбустун жүргүнчүлөрүнө кол салып жибере жаздаган, айдоочунун ыкчам аракеттери кырсыктан сактап калган. Бул окуя тууралуу маалымат шаардык мэриянын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланган.

« №2-троллейбуста жүргүнчүлөрдүн бири аз жерден адамдарга бычак менен кол салып жибере жаздаган. Бирок, бактыга жараша троллейбустун айдоочусу -Светлана Тургумбаева Кайгуул милициясын токтотуп, адамды кармоого жардам берип, кырсыктан сактап калган. Кайгуул милициясы! Рахмат!», - деп жазышкан муниципалитеттин өкүлдөрү.

Ал ортодо Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Улан Жумаков тартип бузуучу кармалганын маалымдады.

«Толук маалымат кийинчерээк берилет», - деп кошумчалаган ал.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх